Жашыруундуулук тууралуу ушул арыз, аларда маалыматтарды чогултуу жүргөн жана ошол шарттарды чагылдырыла турган Microsoft кызматына, ошондой эле оффлайн-техникалык колдоо кызматына жайылтылат. Ушул арыз, анда ал чагылдырылбаган, же ага карата шилтеме жок болгон, же жашыруундуулук тууралуу башка арыз бар болгон веб-сайттарда, Microsoft кызматтарында жана продуктыларында колдонулбайт.
Сураныч, төмөндө келтирилген кыскача жыйынтыктар менен таанышыңыз, жана кандайдыр бир темаларды толугу менен окуп таанышуу үчүн «Көбүрөөк билүү»нү басыңыз. Ошондой эле продукттун жаруундуулугу тууралуу арызды карап чыгуу үчүчн жогоруда келтирилген продукттарды тандап алсаңыз болот. Ушул арызда эстелген продукттардын, кызматтардын же мүнөздөмөлөрдүн айрымдары ушул мезгилде жок болушу мүмкүн. Microsoft жашыруундуулугун коргоого карата милдеттемелер боюнча кошумча маалыматты http://www.microsoft.com/privacyшилтемеси боюнча алууга болот.
Microsoft сайттарынын көпчүлүгү катуу дискиңизге жаздырган домендеги веб-сервер аркылуу окулган кичинекей текст түрүндө "cookie" файлдарын колдонот. Биз сиздин тандоолоруңузду жана параметрлерди сактоо, системага кирүүгө жардам, максаттуу жарнаманы баяндоо жана сайттын ишин талдоо үчүн "cookie" файлдарын колдонобуз.
Биз ошондой эле, Cookie файлдарын жайгаштырууга жана статистика түзүүгө жардам бере турган веб-маяктарды колдонобуз. Булардын ичине колдонуучулардын өздүк жеке маалыматтарын чогултууга тыюу салынган башка компаниялардын веб-маяктарын да кирет.
Cookie файлдарын жана башка ага окшош технологияларды көзөмөлдөөнүн абдан көп ыкмалары бар, анын ичинде:
Биздин cookie файлдарын колдонуу эрежелерибиз
Microsoft сайттарынын көпчүлүгү, веб-сервер тарабынан колдонуучунун катуу дискине жайгаштырылган кичинекей тексттик "Сookie" файлдарын пайдаланат. Cookie файлдары ушул файлды түзгөн домендеги веб-сервер тарабынан окула турган текстти камтыйт. Бул текст негизинен сандардан жана тамгалардан турат, алар сиздин компьютерди бир белги боюнча идентификациялайт, бирок ал ошондой эле башка маалыматты да камтышы мүмкүн. Төмөндө биздин сайттардын бирөөнө киргениңизде Microsoft катуу дискиңизге жайгаштырган сookies файлдарында камтылган тексттин бир мисалы: E3732CA7E319442F97EA48A170C99801
Биз cookies файлдарын төмөнкү максаттар үчүн колдонушубуз мүмкүн:
Адатта биз колдонгон айрым cookies файлдары төмөнкү таблицада көрсөтүлдү. Бул тизме толук эмес, бирок ал биз эмне үчүн cookies файлдарын орнотуп жаткандыгыбыздын себептеринин айрымдарын көрсөтүү үчүн дайындалган. Эгерде, сиз биздин сайттардын бирине кирсеңиз, анда сайт cookies файлдарынын айрымдарын же төмөнкү бардык файлдарды орното алат:
Microsoft корпорациясынын орното алган Сookie файлдарына кошумча катары, сиз биздин веб-сайттарга кирген учурда, , башка уюмдар да катуу дискиңизге сookies файлдарынын айрымдарын орното алат. Айрым учурларда биздин атыбыздан айрым кызматтарды берип көрсөтүү үчүн биз башка уюмдарды жалдайбыз, мисалы, веб-сайттардын талдоосу сыяктуу. Башка учурларда, биздин веб-барактар башка уюмдардын маалымытын же жарнамасын камтышат, мисалы, видео, жаңылыктар мазмунун же башка жарнамалык торлордун жарнамасын камтыйт. Камтылгандарды издөө үчүн браузериңиз башка уюмдардын веб-сайттары менен бириккендигине байланыштуу, ал башка уюмдар катуу дискиңздеги алардын сookies файлдарын орнотууга же окуп чыгууга жөндөмдүү.
Сookie файлдарын кантип көзөмөлдөөгө болот
Мисалы, Internet Explorer 9 браузеринде сиз төмөнкү аракеттерди аткаруу менен cookie файлдарын өчүрө аласыз:
Башка браузерлерде cookie файлдарын өчүрүү жөнүндө маалымат үчүн (англисче) төмөнкү шилтемеге барыңыз: http://www.allaboutcookies.org/manage-cookies/.
Эгерде, Cookie файлдарынын кабыл алынышына бөгөт коюлса, анда мындай жагдай системага кирүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Андан сырткары веб-сайттардын жана Cookie файлдарынан көз каранды болгон Microsoft кызматынын башка интерактивдүү функциясын пайдаланууга тоскоол болот.
Мисалы, in Internet Explorer 9, сиз төмөнкү аракеттерди аткаруу менен cookie файлдарына бөгөт кое аласыз:
Башка браузерлерде cookie файлдарын өчүрүү жөнүндө маалымат үчүн төмөнкү шилтемеге барыңыз http://www.allaboutcookies.org/manage-cookies/.
Cookie файлдарын өчүрүү менен бул файлда сакталган параметрлер да өчүрүлөт.
“Do Not Track” технологиялары үчүн браузерди башкаруу жана аңдып текшерүүдөн сактоо каражаттары. Айрым жаңы браузерлердин “Do Not Track” бириккен функциялары бар. Бул функциялардын көпчүлүгү, аларды туташтыруу учурунда, сизди текшерип байкоону сиз каалабагандыгыңыз тууралуу сигналды же сиз кирген веб-сайтка сиздин каалоону жөнөтөт. Сиз ал сайттарды (же ал сайттардагы башка тараптардын мазмунун ) текшерип аңдуу деп атаган аңдуулар, сиз аны жасабоону каалагандыгыңыз тууралуу көрсөткөн болсоңуз да ал иш-аракеттерге катышууну уланта берет, жашыруун маалыматты колдонууга карата бардыгы сайттын эрежелерине жараша болот.
Internet Explorer браузеринин 9 жана 10 версиялары аңдып текшерүүдөн Сактоо деп аталган касиети бар, ал сиздин веб-сайтка киргендигиңиз тууралуу толук камтылгандарды башка провайдерлерге автоматтык түрдө жөнөтүүнүн алдын алууга жардам берет. Сиз аңдып текшерүүдөн сактоонун Тизмесин орноткон учурда Internet Explorer башка камтылгандарды, анын ичинде бөгөт коюуга жаткан сайттардын тизмесинде көрсөтүлгөн бардык сайттын cookies файлдарына бөгөт коет. Ушул сайттарга өтүүлөргө чек коюу менен Internet Explorer, сиз тууралуу маалыматтарды башка сайттар да чогулта ала турган маалыматтын көлөмүн да чектейт. Жана аңдып текшерүүдөн сактоонун ушул Тизмеси активдүү учурда, Internet Explorer сигналды же сиз кирген веб-сайтты Аңдып текшерилбесин деген каалоону жөнөтөт. Кошумча катары, Internet Explorer 10 браузеринде каалоңузга жараша DNT сигналын өчүрүп же иштетип коюшуңуз мүмкүн. Аңдып текшерүүдөн сактоонун тизмеси тууралуу толук маалыматты жана аны кантип табуу керектиги тууралуу Сиз Internet Explorer жашыруундуулук тууралуу билдирүүсүндөн же Internet Explorer боюнча Жардам документинен таба аласыз.
Жекече жарнамалык компаниялары да жарнамаларды жөнөтүүдөн баш тартуу функциясын жана татаалыраак жарнаманы тандоолорду сунуш кыла алышат. Мисалы, Microsoft корпорациясынын жарнактык каалоо жана жөнөтүүдөн баш тартууну башкаруу каражаттары төмөнкү сайтта жайгашкан: http://choice.live.com/advertisementchoice/. Сураныч, жарнамадан баш тартуу, бул сиз жарнаманы мындан ары албайсыз дегенди же алар азаят дегенди билдирбейт, бирок, эгерде, сиз баш тартсаңыз, сиз алып жаткан жарнама мындан ары максаттуу болуп саналбайт. Буга кошумча катары, баш тартууңуз маалыматтын биздин серверлерге келишин токтотпойт, бирок ал биздин жүрүм-турумдук жарнамалары үчүн колдонулуучу профильдерди жаратуубуз же өзгөртүүбүздү токтотот.
Биздин интернет маяктарын колдонушубуз
Microsoft интернет баракчалары сайттарыбызга cookies файлдарын жеткизүүгө жана биргелешип иштелген кызматтарды жардам берүүгө, ал баракчаларды зыярат кылган колдонуучуларды санаганга колдоно турган интернет маяк деп билинген, кээде бир-пиксельдик GIF-файлдары деп аталган электрондук сүрөттөрдү камтышы мүмкүн. Промоушн максаттуу электрондук почтабыз же билдирүүлөрүбүзгө веб-маяктарды билдирүүлөрүбүз ачылып ачылбагандыгын жана кийинки аркеттерди аныктоо үчүн киргизишибиз мүмкүн.
Биз Microsoft корпорациясынын веб-сайттарында жарнама жайгаштырган компаниялар менен иштей алабыз. Мындай учурда ал алардын сайттарында статистиканы алуу максатында Microsoft сайтында жарнамалык жөнөтүмдөр боюнча канча басылыш бар экендиги боюнча веб-маяктарды жайгаштырат. Акыры жарнама бергендердин сайтында сатып алуулардын жүрүшүн же кандайдыр бир иштин аткарылышына алып келет.
Microsoft корпорациясынын сайттары жарнамалык кампанияларыбыздын натыйжалуулугу жана башка веб-сайттар аракеттерибиздин натыйжалуулугу тууралуу маалыматты топтоо үчүн башка уюмдардын веб-маяктарынкамтышы мүмкүн. Ушул веб-маяктар, башка уюмдарга сиздин компьютериңизге cookie файлдарын орнотууга же окуп чыгууга мүмкүндүк берет. Өздүк жеке маалыматыңызды алууга жана чогултууга биздин сайттардагы башка уюмдардын веб-маяктарын колдонуусуна тыюу салабыз. Андай болсо да, сиз төмөндөгү аналитикалык провайдерлердин ар биринин шилтемелерине басуу менен маалыматтарды чогултуудан же ошол башка аналитикалык компаниялар тарабынан аларды колдонуусунан баш тарта аласыз:
Башка ага окшош технологиялар
Стандарттуу сookie файлдарына жана веб-маяктарга кошумча катары веб-сайттар, компьютериңиздеги маалыматтарды сактоо жана окуу үчүн башка технологияларды пайдаланышы мүмкүн. Бул сиздин каалоолорду сактоо үчүн жана тездикти жакшыртуу жана кандайдыр бир файлдардын локалдуу сакталышы аркылуу натыйжалуулуктар үчүн жасалат. Бирок, стандарттуу сookies файлдары сыяктуу эле башка технологиялар да, кийинчерээк аны өзгөртүүлөр мүнөзүндө байкоо үчүн колдонула турган сиздин компьютер үчүн уникалдуу идентификаторду сактоо үчүн пайдаланылат. Бул технологиялар Локалдуу бөлүнүлө турган объектилерди (же "Flash cookies") жана Silverlight Application Storage (Silverlight тиркемелерин сактоочу жайын) камтыйт.
Локалдуу бөлүнүлө турган объектилер же "Flash cookies" Adobe Flash технологияларын колдоно турган веб-сайттар, сиздин компьютердеги маалыматтарды сактоо үчүн Локалдуу бөлүнүлө турган объектилер же "Flash cookies" колдоно алышат. Flash cookies файлдарын тазалоо мүмкүн же мүмккүн эмес болгондгуна көңүл буруңуз, бул сиздин браузердин түрүнө жараша болот. Flash cookies файлдарын башкаруу же бөгөттөө үчүн http://www.macromedia.com/support/documentation/en/flashplayer/help/settings_manager.html шилтемесине барыңыз.
Silverlight тиркемелерин сактоочу жайы. Microsoft Silverlight технологиясын колдонгон веб-сайттар же тиркемелер да Silverlight тиркемелерин сактоочу жайын колдонуу менен маалыматтарды сактоо мүмкүнчүлүктөрү бар. Ушул сактоочу жайды башкарууну же бөгөт коюуну үйрөнүү үчүн Silverlight шилтемесине барыңыз.
Microsoft Корпорациясы натыйжалуу иштерди камсыз кылуу жана эң жакшы продукттарды, кызматтарды жана тажрыйбаларды берүү максатында ар кандай маалыматтарды чогултуу менен иш жүргүзөт.
Биз сиз катталып жатканда, системага кирген учурда жана биздин сайттарды жана кызматтарды колдонгон учурда маалымат чогултабыз. Биз ошондой эле башка компаниялардан да маалымат ала алабыз.
Биз бул маалыматтарды ар кандай жолдор менен чогултабыз:веб-формаларды, cookies, файлдары, веб-журналдары жана сиздин компьютердеги же каалаган башка түзүлүштөрдөгү ПК сыяктуу технологиялардын жардамы менен чогултабыз.
Microsoft Корпорациясы натыйжалуу иштерди камсыз кылуу жана эң жакшы продукттарды, кызматтарды жана тажрыйбаларды берүү максатында ар кандай маалыматтарды чогултуу менен иш жүргүзөт. Ушул маалыматтын бир бөлүгүн сиз түздөн түз бизге бересиз. Калган бөлүгүн, сиз биздин продукттар жана кызматтар менен кандай иштерди жүргүзө тургандыгыңыз үчүн байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында алабыз. Айрым маалыматтарды биз түздөн түз биз тарабынан алынган маалыматтар менен биз кийинчерээк бириктире турган башка булактардан алабыз. Булактардан көз карандысыз, биз ал маалыматтарга кылдаттык менен мамиле жасайбыз жана маалыматтын жашыруундуулугун сактоого сизге жардам беребиз.
Биз эмнени чогултабыз:
Биз кандай чогултабыз:
Биздин сайттарды жана кызматтарды сиз кандай колдоно тургандыгыңыз тууралуу маалыматты чогултуу үчүн биз көп ыкмаларды жана технологияларды колдонобуз, мисалы:
Microsoft Корпорациясы, биз сунуш кыла турган продукттарды жана кызматтарды иштетүү, жакшыртуу жана персоналдаштыруу үчүн чогулткан өздүк жеке маалыматты колдонот.
Microsoft Корпорациясы сиз менен байланышуу үчүн да, мисалы, коопсуздук системасы же эсепке алуучу жазуу үчүн жаңыртуулар тууралуу сизге билдирүү үчүн да өздүк жеке маалыматты колдонот.
Биз ошондой эле, колдонуучунун конкреттүү каалоолоруна ылайык, жарнама тарабынан колдоого алына турган биздин кызматтарда жарнаманы чагылдыруу үчүн маалыматты да колдонобуз.
Microsoft Корпорациясы, биз сунуш кыла турган продукттарды жана кызматтарды иштетүү, жакшыртуу жана персоналдаштыруу үчүн чогулткан өздүк жеке маалыматты колдонот. Microsoft кызматтарынын бири тарабынан чогултулган маалымат, биз менен өз ара иштөөнүн мындан да ирээттүү жана жекечеленген тажрыйбасын алуу максатында, Microsoftтун башка кызматтары тарабынан алынган маалыматтар менен биригиши мүмкүн. Биз башка компаниялардан алынган маалыматтар менен чогултулган кабарлар менен да толуктай алабыз. Мисалы, башка компаниялардын кызматтарын колдонуу, IP-даректеринин негизинде сиздин географиялык аймак үчүн айрым кызматтарды орнотуу максатында, географиялык аймактын жалпы мүнөздөмөсүн аныктоого бизге мүмкүндүк берет.
Биз өздүк жеке маалыматты сиз менен байланышуу үчүн да колдонобуз, мисалы, жазылуунун аякташы, коопсуздук системасы үчүн жаңыртуулардын пайда болушу же активдүү режимдеги сиздин эсепке алуучу жазууну сактоо үчүн кандайдыр бир иш-аракеттерди сиздин кабыл алышыңыз тууралуу сизге билдирүү үчүн да колдонобуз.
Microsoftтун көптөгөн сайттары жана кызматтары акысыз, себеби алар жарнама менен колдоого алынып турат. Ушул кызматтарга кеңири жетүүнү камсыз кылуу үчүн биз чогулткан маалымат, сиздин кызыкчылыктарга ылайык, жарнаманы гана чагылдыруу менен жарнаманы жакшыртууга жардам берүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
Ушул арызда ачык түрдө сүйлөшүлгөн учурлардан башка учурларда, биз анын уруксатысыз, колдонуучунун жеке маалыматын биз жайылтпайбыз.
Microsoftтун туунду компанияларына жана поставщиктерге маалыматтарды биз качан жайылта ала тургандыгыбыз тууралуу, мыйзам боюнча кандай талап кылына тургандыгы тууралуу же сот процессине жооп тууралуу, көз боемочулук менен кантип күрөшүү же сиздин кызыкчылыктарды кантип коргоо же сиздин өмүрдү коргоо тууралуу толугураак маалыматты сиз «Жашыруундуулук тууралуу башка маанилүү маалымат» документинен fкарасаңыз болот.
Ушул арызда ачык түрдө сүйлөшүлгөн учурлардан башка учурларда, биз анын уруксатысыз, колдонуучунун жеке маалыматын биз жайылтпайбыз
Жеке маалымат мененалмашуу жана жайылтуу тууралуу көбүрөөк маалымат билүү үчүн ушул жерди fбасыңыз:
Microsoftтун айрым кызматтары Сизге онлайн-режиминде өзүңүздүн жеке маалыматыңызды карап чыгуу жана өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн берет. Өздүк маалыматтарыңызды башка бирөөлөрдөн сактоо үчүн биринчиден системага кирүү сунушталат. Өздүк маалыматка кирүүгө уруксат алуунун ыкмалары сиз кирген сайттан жана сиз колдонгон кызматтан көз каранды.
Microsoft.com - Сиз Microsoft.com профилинин борборушилтемесине өтүү аркылуу Microsoft.com веб-сайтындагы өз профилиңизди жаңылап жана ага байланышууну ишке ашыра аласыз..
Microsoftтун эсеп кызматын жана эсепке алуу жазуулары - Эгерде сиздерде Microsoft эсепке алуучу жазуулары болсо, сиздер Microsoft эсепке алуу веб-сайтындагы «Өздүк маалымат» же «Эсеп тууралуу билдирүү» шилтемелери аркылуу ал жакка маалымат кошуу жана жаңылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.
Microsoft Connect - Эгерде, сиз Microsoft Connectгде катталган болсоңуз, анда Microsoft Connect веб-сайтындагы туташуу профилин башкаруу шилтемеси аркылуу өзүңүздүн билдирүүлөрүңүзгө кирип, аны өзгөртө аласыз.
Windows Live - Эгерде, Windows Live кызматы менен иштесеңиз өзүңүздүн профилиңиздеги маалыматтарды жаңылап, сыр сөздү өзгөртүп, эсепке алынуучу маалыматтарга байланышкан уникалдуу идентификаторду кароо же Windows Liveдагы Эсепке алуучужазуу кызматы бөлүмүнө кирүү менен эсепке алуучу жазууларды жаап салууга болот.
Windows Live жалпы профили – Эгерде, сиз Windows Live жалпы профилин түзгөн болсоңуз, анда Windows Live профилинеөтүү менен жалпы профилдеги өзүңүздүн маалыматтарыңызды өзгөрткөнгө жана өчүрүп салууга мүмкүнчүлүгүңүз болот.
Издөө жарнамасы – IЭгерде, сиз Microsoft Advertisingдин жарнамалык кызматын колдонгон болсоңуз, анда Microsoft жарнамалык борбору шилтемесине өтүү менен өзүңүздүн жеке маалыматыңызды карап жана өзгөртө аласыз.
Microsoft өнөктөштүк программасы – Эгерде, сиз Microsoft корпорациясынын өнөктөштүк программасына катышуу үчүн катталган болсоңуз, анда Өнөктөштүк программасы веб-сайтындагы Эсепке алуучу жазууларды башкаруу шилтемесин басуу менен өзүңүздүн профилиңизди кароо, өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.
Xbox - Эгерде, сиз Xbox.com сайтындагы Xbox LIVE системасына катталган болсоңуз, анда Xbox 360 же Xbox.com сайтындагы Менин Xboxум аркылуу өздүк жеке маалыматыңызды кароо менен бирге эсепти жана эсепке алуучу жазууларды, онлайн-коопсуздугун жана маалыматарды редакциялай аласыз. Эсепке алуучу жазуулар боюнча маалыматтар, Менин Xboxум менюсунда Эсепке алуучу жазуулар деп жазылган. Жеке маалымат менен байланышкан башка оңдоп-түзөөлөрдү менин Xboxумду тандап алып, профиль, андан соң онлайндагы коопсуздук оңдоп-түзөөлөрдү басыңыз.
Zune - Эгерде, сизде Zune Эсепке алуучу жазуу же Zune Pass жазуусу бар болсо, анда сиз Zune.net жөнөтүүсүнө кирип (системага кирип, өзүңүздүн өздүк Zuneдини басып, андан соң Менин Эсепке алуучу жазуум дегенди тандоо керек) жеке маалыматыңызды карап чыгып, өзгөртө аласыз.
Эгерде, сизде сайт же Microsoft кызматында жөнөтүүлөрдү жогоруда которулгандар аркылуу жеке маалымат алууга мүмкүнчүлүгүңүз болбосо, сиз ушул сайттардан жана кызматтан маалымат алуу үчүн альтернативдүү жөндөмдөрдү таба аласыз. Сиз веб-формасы аркылуу Microsoft корпорациясы менен ар дайым байланыша аласыз. Жетүүгө карата болгон Сиздин суроо-талаптарыңызга Биз жооп беребиз же 30 күндүн ичинде Сиздин өздүк жеке маалыматыңызды алып салабыз.
Эгерде, веб-сайттар же Microsoft кызматтары анын жашы тууралуу маалыматтарды сураса, анда 13 жашка чыга элек колдонуучуларга бөгөт коюлат же балдар ал сайт менен колдонууга уруксат алганга чейин ата-энесинин же аларды багуучулардын макулдугу суралат.
Ата-энесинин макулдугу алынгандан кийин баланын эсепке алуучу жазуусу, каалаган башка эсепке алуучу жазуусу катары каралат жана бул учурда бала башка колдонуучулар менен сүйлөшө алат.
Ата-энелер уруксатын өзгөртө же андан баш тарта алат, бул процесс жашыруундуулук тууралуу ушул Арызда баяндалган.
Эгерде, Эгерде, веб-сайттар же Microsoft кызматтары анын жашы тууралуу маалыматтарды сураса, анда 13 жашка чыга элек колдонуучуларга бөгөт коюлат же балдар ал сайт менен колдонууга уруксат алганга чейин ата-энесинин же аларды багуучулардын макулдугу суралат. Биз 13 жашка чыга элек балдардан жашын атайы сурабайбыз, тийиштүү кызматтардын иштөөсү үчүн ага керектүү чоң көлөмдөгү маалыматтарды беребиз.
Ата-энесинин макулдугу алынгандан кийин баланын эсепке алуучу жазуусу, каалаган башка эсепке алуучу жазуусу катары каралат. Бала, электрондук почта, көз ирмемдеги билдирүүлөр менен алмашуу жана жарыялардын элекрондук доскасы сыяктуу коммуникациялык кызматтарга жете алат, ошондой эле ал бардык курактагы колдонуучулар менен сүйлөшө алат.
Ата-энелер эртерээк убакта өз баласына берилген чечимин өзгөртө алат жана анын жеке маалыматын карап, аны өзгөртүп же анын өчүрө алат. Мисалы, Windows Live веб-сайтында ата-энелер өзүнүн эсепке алуучу жазуусуна кире алат жана «Ата-энелердин уруксаты»шилтемесин баса алат.
Microsoft сайттарындагы онлайн-жарнамаларынын көпчүлүк бөлүгү Microsoft Advertising кызматы тарабынан чагылдырылат. Компьютерде же орнотууларда онлайн-жарнамаларды көрсөтүүдө туруктуу бир канча же бир сookie файлдары сакталып калат. Бул ушундай көрсөтүүнүн жүрүшүндө ошол пайдалануучунун компьютерин таануу үчүн жасалат. Кийинчерээк биз жарнаманы жайгаштырган сайттардан биз маалымат чогултабыз жана аны максаттуу жарнама үчүн тандап алуу үчүн колдонобуз.
Сиз жөнөтүмдөн баш тартуу баракчасын карап чыгып, Microsoft Advertisingден максаттуу жарнамасынын жөнөтүмүнөнбаш тартсаңыз болот.
Microsoft корпорациясынын көпчүлүк веб-сайттары жана онлайн-кызматы жарнамалык топтомдордун эсебинде иш алып барат.
Microsoft сайттарынан онлайн-жарнамаларынын көпчүлүк бөлүгү Microsoft Advertising кызматы аркылуу чагылдырылат. Компьютерде же орнотууларда онлайн-жарнамаларды көрсөтүүдө туруктуу бир канча же бир cookie файлдары сакталып калат. Бул ушундай көрсөтүүнүн жүрүшүндө ошол пайдалануучунун компьютерин таануу үчүн жасалат. Microsoft өз сайттарына жана өздүк жарнамалык, ошондой эле басмалык өнөктөштөрү үчүн жарнамаларын жайгаштырат. Корпорация убакыттын өтүшү менен пайдалануучу же ушул компьютердин пайдалануучулары карап чыккан контентке жана жарнамага жүктөлгөн пайдалануучу баракчалардын типтери жөнүндө маалымат топтойт. Ушул маалымат көп максат үчүн пайдаланылат. Мисалы, ал Microsoftко дайыма бир эле жарнаманы чыгарууга жардам берет. Мындан тышкары мындай маалымат сизге кызыкчылык жараткан максаттуу жарнаманы алып салууга же жайгаштырууга жардам берет.
Сиз жөнөтүмдөн баш тартуу баракчасын карап чыгып, Microsoft Advertisingден максаттуу жарнамасынын жөнөтүмүнөнбаш тартсаңыз болот. Microsoft Advertising кантип маалымат топтоп аны пайдаланып жаткандыгы боюнча толук маалыматты Microsoft Advertising жашыруундуулугу жөнүндө арыздын кошумчасынан табууга болот.
Биз үчүнчү жактуу жарнамалык компанияларга башка жарнамалык түйүндөрдү кошуу менен өз сайттарынан көрсөтүүгө жол беребиз. Айрым бир учурларда үчүнчү жактын ушул компаниялары пайдалануучунун компьютеринде Cookieни жайгаштыра алат. Төмөндө Microsoft корпорациясынын веб-сайттарында жарнама көрсөтүүчү айрым компаниялар көрсөтүлгөн: 24/7 Real Media, adblade, AdConion, AdFusion, Advertising.com, AppNexus, Bane Media, Brand.net, CasaleMedia, Collective Media, InMobi, Interclick, Jumptap, Millennial Media, nugg.adAG, Mobclix, Mojiva, SpecificMedia, Tribal Fusion, ValueClick, Where.com, Yahoo!, YuMe, Zumobi. Ушул компаниялар сookie файлдарынын негизинде жарнамаларды кабыл алуудан баш тартууну сунушташы мүмкүн. Кошумча маалымат алуу үчүн жогоруда аталган компаниялардын аталыштарын басып, зарыл болгон компаниялардын веб-сайтындагы жөнөтүм боюнча жүрүп отуруңуз. Ушул компаниялардын көпчүлүгү Түйүндүк жарнаманын демилгелеринин же Санарип жарнама альянсынын , мүчөсү болуп эсептелет. Ушул ассоциациялардын ар бири компания-мүчөлөрүнүн бардык максаттуу жарнамасынан жеңил баш тартууга жол берет.
Сизге келген билдирүүдө камтылган нускаманы карап, Microsoft корпорациясынын веб-сайттарынан жана кызматтарынан электрондук почта аркылуу жарнамалык материалдарды жөнөтүүдөн баш тартсаңыз болот. Колдонулган кызматка жарашасиз электрондук почта, телефон же кадимки почта аркылуу Microsoft корпорациясынын конкреттүү веб-сайттар жана кызматтарынан жарнамалык билдирүүлөрдү алгыңыз келип жаткандыгы туурасында алдын ала билдирсеңиз болот.
Эгерде бизден жарнамалык электрондук каттарды алып жатсаңыз жана андан ары аларды алууну каалабасаңыз, анда сиз ошол эле билдирүүдө келтирилген көрсөтмөлөрдү аткаруу менен ал жөнөтүмдөрдү токтото аласыз.
Колдонулган кызматка жараша сиз электрондук почта, телефон же кадимки почта аркылуу Microsoft корпорациясынын конкреттүү веб-сайттар жана кызматтарынан жарнамалык билдирүүлөрдү алгыңыз келип жаткандыгы туурасында төмөндө көрсөтүлгөн веб-барактарда катталуу аркылуу алдын ала билдирсеңиз болот.
Бул параметрлер онлайн-жарнамасынын тийиштүү болбойт: бул боюнча маалыматты "Жарнамалык көрсөтмө" (Жөнөтмөдөн баш тартуу) бөлүмүнөн табууга болот. Мындан тышкары бул параметрлер Microsoft корпорациясы тарабынан ылайык келген кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүнгүс бөлүгү болуп эсептелип, милдеттүү түрдөгү билдирүү кызматына тийиштүү болбойт. Мындай билдирүүлөрдү пайдалануучулар кызмат көрсөтүүдөн баш тартмайынча туруктуу алышат.
Жайга байланыштуу кызматтарды же функцияларды колдонгон учуруңузда тийиштүү уюлдук базаларды же Wi-Fi түйүндөр, ошондой эле Дүйнөлүк Жайгаштыруу Системанын (GPS) маалыматары Microsoft корпорациясына жиберилиши мүмкүн. Microsoft корпорациясы сиз каалаган кызматтарды сунуш кылуу, сиздин тажрыйбаңызды жекечелендирүү жана Microsoft өнүмдөрдү жана кызматтарды жакшыртуу үчүн жай туралуу маалыматты колдонот.
Кээ бир кызматтар сизге жай туралуу маалыматынын Microsoft корпорациясына же башкаларга качан жиберилээрин башкарууга уруксат берет. Кээ бир учурларда жай туралуу маалымат белгилүү бир кызматтан ажырагыс болуп жайыңыз туралуу маалыматты жиберүүнү токтотуу үчүн ал функцияны же кызматты токтотууну талап кылынат. Жай туралуу маалыматты өчүрүү үчүн орнотууңуз менен чогу алынган документацияга кайрылыңыз.
Колдоо маалыматы - сиз колдоо өтүнүчүн жасаганда же автоматтык көйгөй чечкичти иштеткенде биз чогулткан маалымат, буга хард, софт, жана колдоо көйгөйүнө байланышкан башка майда-чүйдөлөр кирет, мисалы: катыш же тастыктоо маалыматы, сүйлөшүү сессиясында кимдигин аныктоо, ката келип чыккандан баштап диагностика учурундагы машинанын жана колдонмонун абалы тууралуу маалымат, софт орнотулушу жана хард конфигурациялары тууралуу системдик жана каттоо маалыматтары, жана ката каттоочу файлдар. Биз Колдоо маалыматын ушул купуялык тууралуу билдирүүдө сүрөттөлгөндөй, жана ага кошумча сиздин колдоо көйгөйлөрүңүздү чечүү жана машыгуу максатында колдонобуз.
Колдоо телефон, имейл, же онлайн сүйлөшүү аркылуу көрсөтүлөт. Сиздин иш тактаңызга убактылуу чабыттоо үчүн биз сиздин уруксатыңыз менен аралыктан жетүүнү (АЖ) колдонушубуз мүмкүн. Колдоо адистери менен телефондон сүйлөшүү, онлайн сүйлөшүү сессиялары, же аралыктан жетүү сессиялары жазылып алынып, жана/же текшерилиши мүмкүн. Аралыктан жетүү болсо, сессиядан кийин жазууга жетки сизге да берилет. Онлайн сүйлөшүү же аралыктан жетүүдө сиз сессияны өзүңүздүн тандооңуз менен каалаган убакта аяктай аласыз.
Колдоо көйгөйүнүн артынан биз сизге башыңыздан өткөндөр жана сунуштар тууралуу сурамжы жөнөтүшүбүз мүмкүн. Сиз Колдоо кызматына кайрылуу же имейл этеги аркылуу Microsoft сунуш кылган башка билдирүүлөрдөн өзүнчө колдоо сурамжыларына катышпай коюшуңуз керек.
Биздин Колдоо кызматтарыбыз аркылуу чогулган жеке маалыматыңызды кароо жана түзөтүү үчүн Веб формабыз аркылуу бизге кайрылыңыз.
Айрым бизнес колдонуучулар өркүндөтүлгөн колдоо сунуштарын (мисалга, Премьер ж.у.с.) сатып алса болот. Бул сунуштар алардын келишим шарттарында жана эскертмелеринде камтылган.
Төлөө билгилери – бул сиз онлайн сатып алууларды кылган кезде берген маалымат. Бул сиздин төлөө куралынын номурун (мисалы, кредит картасы, PayPal), сиздин аты-жөнүңүз жана адресиңиз, жана төлөө куралыңызга таандык коопсуздук коду (мисалы, картаны идентификациялоо коду). Бул секция сиздин төлөө маалыматыңыздын топтолушу жана колдонулушу боюнча кошумча маалыматты камтыйт.
Төлөө билгилери сиздин бүтүмүңүздү жыйынтыктоо, ошондой эле алдамчылыктын аныктоо жана алдын алуу үчүн колдонулат. Буларга кошумча катары жана алдамчылыктын алдын алуу жана кредиттик рискти азайтуу үчүн, Microsoft корпорациясы сиздин төлөө бүтүмдөрүңүздү иштеткен банктар жана башка каржы уюмдары менен сиздин Төлөө билгилерди бөлүшүү мүмкүн.
Microsoft же уюмдук аккаунтуңуз менен системага кирген учурда Төлөө билгилерди киргизгениңизде биз ал билгилерди болочоктогу бүтүмдөрүңүзгө жардам максаты менен сактап калабыз.
Microsoft аккаунтуңузга таандык төлөө куралы маалыматын жаңыртуу же өчүрүү үчүн https://commerce.microsoft.com щилтемесине өтүңүз. Кардар колдоосу менен байланышып уюмдук аккаунтуңузга таандык төлөө куралы маалыматын өчүрсөңүз болот. Аккаунтуңузду же төлөө куралыңызды өчүргөндөн кийин Microsoft корпорациясы төлөө куралы маалыматыңызды учурдагы бүтүмүнүздү жыйынтыктоо, Microsoft корпорациясынын юридикалык жана отчёттук талаптарына жооп берүү жана алдамчылыкты аныктоо жана алдын алуу үчүн сакташы мүмкүн.
(Microsoft Эсепке алуучу жазуу модулу)(мурда Windows Live ID жана Microsoft Passport катары белгилүү) бул Microsoft продукттарынын системасына, веб-сайттарга жана кызматтарга, ошондой эле Microsoftтун өнөктөштөрүнүн тандалган программаларына кирүүгө сизге мүмкүндүк бере турган кызмат. Сиз Microsoft Эсепке алуучу жазуусун түзгөн учурда биз сизден кандайдыр бир маалыматты берүүнү өтүнөбүз. Microsoft Эсепке алуучу жазуусун колдонуу менен Сиз сайтка же кызматка кирген учурда, сиздин инсаныдыгыңызды текшерүү үчүн, сиздин эсепке алуучу жазууну кара ниеттик менен колдонуудан коргоо максатында, ошондой эле Microsoft кызматынын натыйжалуулугун жана коопсуздугун коргоо үчүн биз сайттын же кызматтын атынан аныкталган маалыматты чогултабыз. Өзүңүздүн эсепке алуучу жазууну колдонуу менен сиз кирген сайтка же кызматка кандайдыр бир маалыматты жөнөтөбүз.
Microsoft эсепке алуучу кызматын, анын ичинде Microsoft Эсепке алуучу жазууларды кантип түзүү жана колдонуу керектигин, Microsoft эсепке алуучу жазууга карата тиешеси бар маалыматты чогултуу жана колдонуу, эсепке алуу жазуусундагы маалыматты редакциялоо тууралуу кошумча толук маалыматтарды карап чыгуу үчүн «Көбүрөөк билүү» деген шилтемени басыңыз.
Microsoft Эсепке алуучу жазуусу (мурда Windows Live ID жана Microsoft Passport катары белгилүү) бул Microsoft продукттарынын системасына, веб-сайттарга жана кызматтарга, ошондой эле Microsoftтун өнөктөштөрүнүн тандалган программаларына кирүүгө сизге мүмкүндүк бере турган кызмат. Ага төмөнкүлөр сыяктуу продукттар, веб-сайттар жана кызматтар кирет:
Microsoft Эсепке алуучу жазуусун түзүү.
Сиз, электрондук почта дарегин, паролду жана мисалы, запастагы электрондук почтанын дареги, телефондун номери, сырдуу суроо жана ага карата жооп сыяктуу башка «эсепке алуу жазууларын тастыктоону» көрсөтүү менен Microsoft Эсепке алуучу жазуусун ушул жерден түзө аласыз. Биз сиздин эсепке алуучу жазууну тастыктоочу маалыматтарды коопсуздук максаттарында гана колдонобуз, мисалы, эгерде, сиз сиздин Microsoft Эсепке алуучу жазууга жете албасаңыз жана сизге жардам керек болсо, же сиз Microsoft Эсепке алуучу жазуу менен байланышкан өзүңүздүн электрондук почтага кире албай жаткан болсоңуз паролду калыбына келтирүү учурунда сиздин инсандыгыңызды текшерүү үчүн гана колдонобуз. Айрым кызматтар коопсуздуктун жогорулатылган деңгээлин талап кылат, мында пайдалануучуга коопсуздуктун кошумча ачкычын түзүү сунушталат. Электрондук почтанын дареги жана сиздин Microsoft Эсепке алуучу жазуусуна кирүү үчүн колдоно турган пароль, биздин торду идентификациялоо үчүн сиз колдоно турган сиздин «катталуучу маалыматтар» болуп саналат. Акыр аягы эсепке алуучу маалыматтар менен жеке 64 разряддык коду белгиленет, ал алар менен байланышкан эсепке алуу маалыматтары жана эсепке алууларды идентификациялоо үчүн пайдаланылат.
Сиз Microsoft эсепке алуу жазуусун түзгөн учурда биз сизден төмөнкү демографиялык маалыматты берүүнү суроо менен талап кылабыз: жынысын; өлкөнү; туулган датасын жана почталык дарегин. Биз туулган датасын, мыйзам боюнча талап кылына турган ата-энеден же багуучулардан балдары тийиштүү уруксаттарды алгандыгын текшерүү үчүн колдонушубуз мүмкүн. Ага жараша, ушул демографиялык маалымат, сиз үчүн пайдалуу боло ала турган продукттар жана кызматтар тууралуу жекече жарнаманы чагылдыруу максатында интернетте биздин жарнамалык системалар тарабынан колдонулат, бирок биздин жарнамалык системалар эч качан сиздин атыңызды жана байланыш маалыматтарыңызды андан чыгарып алышпайт. Башка сөз менен айтканда биздин жарнамалык системалар сизди идентификациялай турган кандайдыр бир маалыматты камтыбайт жана колдонушпайт. Эгерде, Сиз жекече жарнаманы алууну каалабасаңыз, анда сиз ушул баракка кирүү менен, Microsoft эсепке алуучу жазуусунда сиздин каалоону көрсөтө аласыз, жана сиз сиздин Microsoft эсепке алуу жазуусу аркылуу эми веб-сайттарга же кызматтарга кирген учурда биздин жарнамалык системалар жекече жарнаманы чагылдырбайт. Microsoft жарнамалоо кантип маалымат топтоп, аны пайдаланып жаткандыгы боюнча толук маалыматты Microsoft жарнамалоо конфинедциалдуулугу жөнүндөарыздын кошумчасынан табууга болот.
Microsoft эсепке алуучу жазууну толтуруп даярдоо учурунда сиз Microsoft Корпорациясы тарабынан бериле турган (б.а. live.com, hotmail.com, или msn.com аяктай турган) электрондук почтанын дарегин колдоно аласыз же башка уюмдар тарабынан бериле турган (gmail.com же yahoo.com аяктай турган) электрондук почтанын дарегин колдоно аласыз.
Microsoft эсепке алуучу жазуусун түзгөндөн кийин биз сизге Microsoft эсепке алуучу жазуусу менен байланыштуу электрондук почтанын дарегинин ээси чынында эле сиз болуп санала тургандыгыңызды текшерүүчү электрондук кат жөнөтөбүз. Бул процесс e-mail дарегинин туура экендигин тастыктоо жана анын ээсинин уруксатысыз колдонууга карата эскертүү үчүн керек. Андан кийин биз Microsoft прдукттарын жана кызматтарын колдонууга тишеси бар маалыматтык материалдарды жөнөтүү үчүн ушул электрондук почтанын дарегин колдонобул. Ошондой эле биз мыйзам ченеминде түзүлгөн Microsoft прдукттары жана кызматтары тууралуу жарнамалык электрондук каттарды да жөнөтө алабыз. Жарнамалык билдирүүлөрдү башкаруу тууралуу маалыматты көрүү үчүн Жарнамалык билдирүүлөршилтемеси боюнча өтүңүз.
Эгерде, сиз Microsoft эсепке алуучу жазуусунун жардамы менен катталууга аракет кылып жатсаңыз жана колдонуучунун аты катарында сиздин электрондук почтанын дареги менен катталуучу маалыматтарды башка кимдир бирөө колдонуп жатканын байкасаңыз, анда сиз биз менен байланышып, сиздин катталуучу маалыматтарды түзүү учурундагы сиздин электрондук почтанын дарегин сиз гана колдоно алгыдай кылуу үчүн ал жак колдонуучунун башка атын тандап алуусуна карата өтүнүч жасай аласыз.
Microsoft эсепке алуучу жазуусунун жардамы менен сайттарга, кызматтарга же ПКга кирүү
Microsoft Эсепке алуучу жазуусун колдонуу менен Сиз сайтка же кызматка кирген учурда, сиздин инсандыгыңызды текшерүү үчүн, сиздин эсепке алуучу жазууну кара ниеттик менен колдонуудан коргоо максатында, ошондой эле Microsoft кызматынын натыйжалуулугун жана коопсуздугун коргоо үчүн биз сайттын же кызматтын атынан аныкталган маалыматты чогултабыз. Мисалы, сиз кирген учурда Microsoft Эсепке алуучу жазуу кызматы сиздин каттталуучу маалыматтарды жана сиздин каттталуучу маалыматтарга таандыкталган 64-разряддык уникалдуу идентификациялык номери, сиздин IP дарегиңиз, веб-браузердин версиясы, убакыты жана датасы сыяктуу башка маалыматтарды алат Жана каттайт. Андан кийин эгерде, сиз сиздин түзүлүшкө орнотулган ПКга кирүү үчүн Microsoft Эсепке алуучу жазуусун колдонсоңуз, анда сиздин түзүлүшкө эркин уникалдуу идентификациялык номери таандыкталат. Ушул эркин уникалдуу идентификациялык номери Microsoft Эсепке алуучу жазуусун колдонуу менен Сиз кийинчерээк сайтка же кызматка кирүү учурунда, Microsoft Эсепке алуучу жазуу кызматына сиздин катталуучу маалыматтар катары жөнөтүлөт. Microsoft Эсепке алуучу жазуу кызматы, сиз кире турган сайтка же кызматка төмөнкү маалыматты жөнөтөт: - сиз ал системага кирүү сессиясын жүргүзүүчү ошол эле адам сиз болуп санала тургандыгыңызды; сиздин эсепке алуучу жазууга версия номери таандыкталат (сиз Кире турган маалыматтарды алмаштырган учурда ар бир жолу жаңы номер таандыкталып берилет); ошондой эле сиздин электрондук почтанын дареги тастыкталгандыгын; же сиздин эсепке алуучу жазуу деактивделгенби же жокпу; ошолорду аныктоо мүмкүндүгүн сайтка же кызматка бере турган уникалдуу идентификациялык номер.
Microsoft Эсепке алуучу жазуусун колдонуу менен сизге кирүүгө мүмкүндүк бере турган башка уюмдардын айрым сайттары жана кызматтары, өзүнүн кызматтарын көрсөтүү үчүн сиздин электрондук почтанын дарегин сурашат. Сиз системага кирген учурда, Microsoft сиздин электрондук почтанын дарегин сайтка же кызматка паролу жок эле берет. Бирок, эгерде, сиз сайтта же кызматта сиздин катталуучу маалыматтарды түзгөн болсоңуз, сиздин паролду калыбына келтирүүгө сизге жардам берүү үчүн же маалыматтык-технологиялык колдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн сиздин катталуучу маалыматтар менен байланышкан маалыматка жетүүгө чек коюлат.
Эгерде, сиз , мектеп, компания, Internet-сервистин поставщиги же башкарыла турган домендин администратору сыяктуу башка уюмдарда эсепке алуучу жазууну түзгөн болсоңуз, анда башка уюмдардын сиздин эсепке алуучу жазууга укугу бар, жана сиздин паролду калыбына келтире алат, сиздин эсепке алуучу жазууну же профилдин маалыматтарын карап чыгууга, сиздин эсепке алуучу жазууда камтылгандарды эсептөөгө жана сактоого жана сиздин эсепке алуучу жазуунун аракеттерин токотууга жана баш тартууга укугу бар. Мындай учурларда сиз Microsoftтун кызматтарын көрсөтүү тууралуу Макулдашуулардын аракетине туш болосуз жана башка уюмдарга таандык, колдонуунун башка кошумча шарттары тууралуу Макулдашуулардын аракетине туш болосуз. Эгерде, сиз башкарыла турган домендин администратору болуп саналсаңыз же сиздин колдонуучуларды эсепке алуучу жазуулар менен камсыз кылсаңыз, анда сиз ошол эсепке алуучу жазуулардын чегинде болуп жаткан бардык иш-аракеттер үчүн сиз жоопкерчиликте болосуз.
Windows Live Id-нин веб-түйүндөрү жана кызматтары электрондук почтанын дарегин жана башка жеке маалыматтарды алардын купуялуулукту сактоо тууралуу билдирүүсүнө ылайык пайдаланып жана үчүнчү адамдарга бере ала тургандыгын да эске алуу зарыл. Бирок, алар Microsoft эсепке алуучу жазуулар кызматы тарабынан аларга берилген уникалдуу идентификациялык номерди, башка уюмдар менен бирге, суралып жаткан кызматты же операцияны аткаруу үчүн гана колдоно алышат. Windows Live ID ни колдонгон бардык веб-түйүндөр жана кызматтар купуялуулукту сактоо тууралуу билдирүүлөрдү сөзсүз жарыялашат, бирок биз алардын купуялуулук саясатын көзөмөлгө албайбыз жана эч кандай көз салбайбыз, ошондуктан ал айырмаланышы мүмкүн. Веб-түйүн же кызмат алынган маалыматтарды кандай пайдалана тургандыгын билүү үчүн ар бир веб-түйүндөгү купуялуулукту сактоо тууралуу билдирүүлөрдү кунт коюп карап чыгуу керек.
Жеке маалыматтарды катталган жазуулар кызматывеб-түйүнүнөн алууга болот. Эгерде Windows Live ID деги каттоо жазуусу демөөрчүлүк кылып жаткан доменге таандык эмес болсо, пайдалануучунун өзүнүн атын өзгөртүүгө болот. Сиз өзүңүздүн паролуңузду, электрондук почтаңыздын дарегин, андан тышкары сырдуу суроо жана жообунузду дайыма өзгөртө аласыз. Сиз, эсепке алуучу жазууга, өтүү менен жана «Эсепке алуучу жазуу жабылсын» дегенди аткаруу менен сиз өзүңүздүн Microsoft эсепке алуучу жазууңузду жаба аласыз. Эгерде, каттоо жазуусу «демөөрчүлүк кылган доменде» (жогору жакты кара) турса, аны жабуу үчүн өзгөчө процедура иштейт. Эгерде, сиз MSN же Windows Live колдонуучусу болуп саналсаңыз, анда сиздин эсепке алуучу жазууга өтүү менен сизди ошол сайттардын эсепке алуучу жазуусуна кайрадан жөнөтө тургандыгына көңүл буруңуз.
Microsoft эсепке алуучу жазуу тууралуу мындан да толук маалыматы Microsoft эсепке алуучу жазуунун веб-сайтынан сайтынан жетүүгө болот.
Көөбүрөк маалымат алуу
Төмөндө сиз үчүн маанилүү болушу (же болбошу) мүмкүн жашырундуулукмаалыматты тапсаңыз болот. Негизинен бул маалымат, биз каалагандар тууралуу кадимки тажрыйбаны баяндайт, сиз муну билишиңиз керек, бирок жашыруундуулук тууралуу биздин ар бир билдирүүбүздө эле аны келтире берүүну биз керексиз деп эсептейбиз. Бул маалыматтардын айрымдары талашсыз фактыларды аныктайт (мисалы, биз мыйзам талап кылган маалыматты жайылтабыз), бирок биздин юристтер бул тууралуу бардык учурларда көрсөтүүгө мажбурлашат. Бул маалымат биздин иш-аракеттердин толук баяндалышы болуп саналбайт, булар сиз пайдаланып жатканMicrosoft өнүмже кызматынын жашыруундуулук билдирүүсүнө кошумча маалыматты камтыганын көңүлүңүзгө алыңыз.
Бул баракта:
Жекелик маалыматты бөлүшүу же жайылтуу
Сиз колдонуп жаткан өнүм же кызматтын жекелик билдирүүсүндө белгиленген бөлүшүүгө кошумча болуп, Microsoft жекелик маалыматты бөлүшө алат же ача алат:
Биз да жеке маалыматты, анын ичинде билдирүүлөрдүн мазмундарын, төмөнкү учурларда биргелешип жайылта жана колдоно алабыз:
Биздин сайттар Microsoft Корпорациясынын эрежелеринен айырмалана турган башка уюмдардын сайттарына шилтемелерди камтышы мүмкүн экендигин маалымат үчүн кабыл алыңыз. Эгерде, сиз ошол сайттардын бирине өздүк жеке маалыматтарды берсеңиз, анда ал ошол сайттардын жашыруундуулугу тууралуу билдирүүсунөылайык иштетилет. Сиз кире турган ар бирсайттын жашыруундуулугу тууралуу билдирүүсункарап чыгууңузду сунуш кылабыз.
Жекелик маалыматтын сакталышын коргоо
Microsoft жекелик маалыматтыңызды сакталышын коргоосуна милдеттенет. Ал үчүн санкцияланбаган жолдон маалыматтын пайдаланышын же жашырылышын коргой турган түрдүү технологиялар жана процедуралар пайдаланылат. Мисалы, биз жеке маалыматтардыжолу чектелген, ошондой эле сакталуу мекемелердежайгашкан компьютер систаемаларындасактайбыз. Жашыруун маалыматты(мисалы, насыялык картанын номерин же парольду) Интернет аркылуу жибергенибизде аныинтернет аркылуу корголгон байланыш протоколу сыяктуу шифрлөө ыкмасынын жардамы мененкоргойбуз.
Эгерде, аккаунтуңузду жана жеке маалыматыңызды коргоо үчүн жашыруун сөз пайдаланылса ал жашыруун сөздүн жашыруундуулугун камсыздалышы сиздин милдетиңиз. Биргелешип колдонбогула. Эгер компьютер бир канча пайдалануучулар тарабынан колдонулса, сизден кийин компьютерде иштей тургандардын сиздин маалыматыңызды билүүгсүн алдын алуу үчүн веб-сайттын системасынан же кызматтан чыгууну унутпаңыз.
Маалымат кайда сакталат жана иштетилет
Microsoft сайттарында жана кызматтарында чогултулган жекелик маалымат Кошмо Штаттарда же Microsoft корпорациясынын же ага көз каранды компаниялардын өндүрүштүк кубаттары болгон башка өлкөлөрдө сакталышы жана иштетилиши мүмкүн. Microsoft Европа Экономикалык Аймактан жана Швейцариядан маалыматты топтоо, колдонуу жана сактоосу боюнча АКШ-Европа Биримдигинин Safe Harbor Framework макулдашуусуна жана АКШ-Швейцария Safe Harbor Framework макулдашууларынын АКШ Соода Департаментинин негиздерине баш ийет. Safe Harbor программасы боюнча маалымат алуу үчүн сураныч төмөнкү сайтка барыңыз: http://www.export.gov/safeharbor/.
Safe Harbor программасында Microsoft корпорациясынынкатышуусу алкагында, биздин политика жана пракикалардын менен байланыштуу талаш-тартыштарды чечүүүчүнбизTRUSTe, көзкарандысызүчүнчү тарапты, колдонобуз. TRUSTe менен байланыш үчүн https://feedback-form.truste.com/watchdog/request шилтемесинеөтүңүз.
Тейлөө кызматтарын көрсөтүүдө зарылчылык болуп турса, ошондогу бардык учурда, көптөгөн себептер боюнча, мисалы, укуктук милдеттемелерди аткаруу, талаштарды чечүү, биздин макулдашуулардын шарттарын сактоону камсыз кылуу максатында, Microsoft Корпорациясы сиздин жеке маалыматтарды сактай алат. Сиздин жекелик маалыматыңызга жетүү үчүн Сиздин маалыматыңызга жетип алуу шилтемесине барыңыз.
Биздин жекелик билдирүүлөрүбүзгө өзгөрүүлөр
Кардарларбыздын кайтарма жоопторуна жана кызматтарыбыздагы өзгөрүүлөргө жараша кэйбир учурларда биз жекелик билдирүүлөрүбүзгө өзгөрүүлөр киргизебиз. Билдирүүбүз өзгөргөн учурда анын жогорку бөлүгүндө жайгашкан жаңылануунун акыркы датасы өзгөрүлөт. Эгерде, бул арызга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилсе, же жеке маалыматты пайдалануу принциптери өзгөрүүгө учураса, сиз бул туурасында көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр күчүнө киргенге чейин же сизге электрондук дарек боюнча жөнөтүлгөн билдирүүнүн жардамы аркылуу көрүнүктүү жерге жарыяланасыз. Сиз Microsoft Корпорациясы сиздин жеке маалыматтарды кандай сактагандыгын билүү үчүн сиз колдонгон продукттар жана кызматтардын жашыруундуулугу тууралуу арызды мезгил мезгили менен карап чыгууну биз сизге сунуш кылабыз.
Биз менен кандай байланышса болот
Microsoft Privacy, Microsoft Corporation, One Microsoft Way, Redmond, Washington 98052 USA
Өлкөңүздөгү же аймагыңыздагы Microsoft филиалын табуу үчүн http://www.microsoft.com/worldwide/ шилтемесине өтүңүз.
FTC жашыруундуулук программасы
Үйдүн коопсуздугу
Trustworthy Computing